Биз менен байланышыңыз

Баткенде айыл чарба продукциясын кайра иштеткен дагы эки ишкана ачылат

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 365 | 0

Ушул жылы Баткен районунун Самаркандек айылында жана Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишканалар ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя шаарындагы айыл чарба продукциясын кайра иштеткен «Агропласт» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуусунда белгилүү болду.

Учурда Баткен облусунун аймагында 25 кайра иштетүүчү ишканалар иш алып барат. Алардын он бири — мөмө-жемиштерди, бешөө —  жүзүмдү, төртөө — сүттү, беш  ишкана дагы башка продукцияларды кайра иштетип чыгарат.  Ошондой эле облустун аймагында 103 өндүрүштүк айыл чарба кооперативи түзүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл, аталган аймактан өндүрүлүп жаткан натуралдык жактан таза айыл чарба продукцияларын дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык өндүрүү, көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи. Ал эми учурда Орусия мамлекети менен кызматташуу жаатында бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM