Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы жаңы вирусту жугузгандардын саны кескин көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 2127 | 0

Кытайдагы 2019-nCoV коноравирусун жугузгандардын саны 900гө жакындады. Алардын 177иси оор абалда. Каза болгондор 26га жетти. Бул тууралуу Кытай бийлиги билдирүүдө. Ал эми британ эксперттери бул көрсөткүч бир топ жогору экендигин айтууда.

Кытайда эмдөө учурунда илдет жугузуп алган 15 медициналык кызматкер катталды.

Орусия менен чектешкен Суйхуа шаарында да вирусту жугузгандар бар экендиги аныкталды.

Андан сырткары, вирусту жугузуп алгандар АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Австралия жана Таиландда да катталды.


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?

Copyright © 2017 Maral FM