Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыктар бийик коюлуп жатат

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 886 | 0

Мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыктар бийик коюлуп, мамлекеттин экономикасына кедергисин тийгизип жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда коопсуздук кеңештин жыйынында айтты.

Президент өлкөнүн өнүгүүсүнө коррупцияга байланышкан көптөгөн себептер кедергисин тийгизип келерин белгиледи. Мындан улам абалды өзгөртүү үчүн акыркы эки жылда үч жолу жыйын өткөрүлгөнүнө жана бир катар маселелер чечилгенине токтолду.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Коопсуздук кеңеште сот, көзөмөл жана укук короо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү маселеси каралган.

Copyright © 2017 Maral FM