Биз менен байланышыңыз

Новиков: Өкмөт октябрдагы шайлоодон сабак алды

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 885 | 0

Өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон сабак алды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артём Новиков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал октябрдагы шайлоодо админстративдик ресурс колдонулуп, мунун айынан коомчулуктун нааразы болгонун белгиледи.

— Ошол себептүү өкмөт шайлоону калыс жана туура уюштуруп берүү милдетин так аткарат. Аткаруу бийлиги админстративдик ресурстун колдонулушуна жана медицина кызматкерлерин, мугалимдерди жана башка мамлекеттик кызматтагыларды да жеке саясий кызыкчылык үчүн колдонууга жол бербейт. Эгерде кандайдыр бир кысым жасалган учурларга күбө болуп калсаңыздар, тезинен өкмөткө же республикалык штабга кабар берүүңүздөрдү өтүнөм. Азыр шайлоонун «оюну» өзгөрдү. Өкмөт бир гана шайлоону уюштуруу жана техникалык маселелерге жооп берет.

Новиков өз сөзүндө шайлоо өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыздаган демократиялык процесс экенин эске салып, жарандарды ар кандай чагымчылдыктан жана добуш сатуудан алыс болууга чакырды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ага 18 талапкер ат салышат.

Copyright © 2017 Maral FM