Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөттүн планы натыйжа алып келүүгө тийиш

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 324 | 0

Өкмөттүн планы – бул абстракттуу документ эмес. Ал түшүнүктүү жана айкын болуп, иш жүзүндө натыйжа алып келүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун иш планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешменин жүрүшүндө айтты.

Премьер-министр белгилегендей, министрликтердин жана ведомстволордун иш планында жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке пландарында көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу жетишсиз деңгээлде турат.

«2019-жылы министрликтердин жана ведомстволордун иш планына чечүү үчүн 473 тапшырма киргизилген. Динамика көрсөткөндөй, белгиленген милдеттердин жарымы жыл аягына карата аткарылган. 473 тапшырманын кайсылары жарандарга пайда алып келгенин талдап чыгуу керек. Биз алдыбызга түшүнүктүү, конкреттүү жана практикалык максаттарды коюуга тийишпиз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын пикиринде, планды бекитүүдөн мурда тигил же бул тапшырма кандай аткарылып, кандай конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө шарт түзөрүн терең талдоо кажет.

Өкмөт башчы ыкчам түрдө ар бир мамлекеттик орган үчүн эки же үч конкреттүү жана практикалык милдеттер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин жана иш-чараларынын Планын иштеп бүтүрүүнү тапшырды.

Кеңешменин соңунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир блок боюнча вице-премьер-министрлерге чейрек сайын милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча жыйындарды өткөрүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM