Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 481 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 21-январь күнү саат 19:10до Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында-4 балл, Ак-Талаа районунун Кадыралы, Шоро айылдарында жана Нарын районунун Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-Март, Сары-Иймек, Лесхоз айылдарында-3,5 балл, Ак-Талаа районунун Ак-Булак айылында жана Нарын районунун Кара-Ой, Учкун, Достук, Мин-Булак айылдарында-3 балл жана Нарын шаарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM