Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-январда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 379 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: -2……..3°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -3………2°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -3……-8….күндүз: 0……..5°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9..….күндүз: -1……..4°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -22……-27…..күндүз: -10..……-15°C

22-январда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3……-5°C, күндүзү 1………3°C.

Copyright © 2017 Maral FM