Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан аскер кызматкери каза болду

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 405 | 0

Бишкек-Торугарт трассасындагы жол кырсыгында бир аскер кызматкери каза болду. Бул кабарды Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы тастыктады.

Каза болгон 26 жаштагы ага лейтенант Ош облусунун Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүндө финансы кызматынын башчысы болчу. Бишкекке командировкага келген.

Эске сала кетсек, 19-январда Бишкек — Торугарт трассасында Toyota Avensis жана Volkswagen Vento унаалары кагышкан. Volkswagen Vento’нун айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыкта эки адам каза болуп, дагы 7 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM