Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ЕАЭБден такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 479 | 0

Өкмөт Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринен такталбаган товарларды ташууну жоюу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коргоого багытталган чараларды күчөтөт. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күнү көптөгөн жоопкерчиликсиз салык төлөөчүлөр ЕАЭБ ичинде эркин товар жүгүртүү укугунан пайдаланып, товарларды, анын ичинде мунай продуктуларын тиешелүү документтерсиз жана кыйыр салык төлөө аркылуу ташып жатышат.  Кагазда товарлардын саны жана аталыштары башка, чындыгында таптакыр башка продукт ташышат. Кеп бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир берген такталбаган товарлар тууралуу болуп жатат», — деп баса белгиледи ал.

Аскаров белгилегендей:

—  салык кызматынын түзүмүндө белгиленген товарларды каттоо пункттарынын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кыла турган өзүнчө бөлүм түзүлдү;

— реалдуу убакытта ташылып келинген жүк тууралуу аймактык салыктык органдарга маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн автоматташтырылган система ишке кирди;

— «Чалдыбар» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункттарына жакын жерлерге товарларды каттоонун стационардык пунктун куруу боюнча иштер аяктоодо;

— чек ара аймактарындагы оор салмакты көзөмөлдөөчү автоматташтырылган система жайылтылды. Мындай системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар, Талас облусундагы Чоң-Капка постторуна орнотулду;

— Кыргызстанга унаа (бензовоз) менен нефть, мунай заттарын, экологиялык күйүүчү май жана башка мунай заттарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр тиешелүү органдарга ташылган күйүүчү майлардын сапатынын жана түрүнүн дал келүүсү  тууралуу ыкчам бүтүм чыгарып берүү маселесин иштеп чыгууну, бензанол сыяктуу товарлардын түрлөрүнө акциздик салык киргизүү каралган мыйзам долбоорун карап чыгууну, май куюучу жайларга мыйзамсыз мунай продуктуларын ташуу мүмкүндүгүн жойгон механизмди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары тийиштүү темир жол бекеттеринде товарларды каттоо жайларын орнотуу жана товарларды каттоонун автоматташтырылган тутумун киргизүүнү тездетүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM