Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рынок боюнча мыйзамдарды гармониялаштыруу келишими ратификацияланды

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 519 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Бул Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында жалпы финансылык рынокту түзүү, финансылык кызмат көрсөтүү секторлорунда (банк секторунда, камсыздандыруу секторунда, баалуу кагаздар рыногунда кызмат көрсөтүү секторунда) иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды өз ара таанып, камсыз кылуу жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин финансылык рыногуна дискриминация кылбай жетүү максатында иштелип чыккан.

Макулдашуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин банк, камсыздандыруу секторлорундагы жана баалуу кагаздар рыногунун кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын финансылык рынок чөйрөсүндөгү эл аралык принциптердин жана стандарттардын негизинде шайкеш келтирүүнүн багытын жана тартибин аныктайт.

Copyright © 2017 Maral FM