Биз менен байланышыңыз

Медведев менен Мишустин жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 747 | 0

Орусиянын жаңы премьер-министри Михаил Мишустин менен мурдагы кесиптеши Дмитрий Медведев 1 сааттай бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин жалпы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту.

Медведев жаңы өкмөт башчыга ийгилик каалап, жумуш оңой эместигин жана ар кандай сынга кабылышы мүмкүндүгүн эскертти. Ошондой эле, азыркы өкмөт отставкага тапшырганы менен милдетин толугу менен аткарарын айтты.

Эске салсак, 15-январда Орусияда Дмитрий Медведев баштаган өкмөт толугу менен отставкага кетти. Президент Владимир Путин анын ордуна Михаил Мишустинди сунуштады. Мамлекеттик Дума Мишустиндин талапкерлигин 383 добуш менен колдоп берди. 53 жаштагы Михаил Владимирович Мишустин 2010-жылдан бери Орусиянын Салык кызматын жетектеп келген.


Жаңы өкмөт башчы боло турган Мишустин Путиндин мураскериби?


Кошумчалай кетсек, Дмитрий Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп жаткан. 2008-2012-жылдары президент болгондо, өкмөттү Путин башкарып турган.

Copyright © 2017 Maral FM