Биз менен байланышыңыз

Жаңы өкмөт башчы боло турган Мишустин Путиндин мураскериби?

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 2440 | 0

Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн премьер-министрлик кызматына учурдагы федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады.

Бизнестен келген, кризистик менеджердин мыктысы, белгилүү орус аткаруучуларынын ырларына текст жазып жүргөн Михаил Мишустин тууралуу Михаил Ростовскийдин баяндамасын сунуштайбыз.

Орусиянын премьер-министрлик кызматын чыныгы иш адамы болгон фигурант ээлемекчи. Дмитрий Медведевдин ордуна өкмөт башчы боло турган киши, салык кызматынын чоңу — Михаил Мишустин. Азырынча жалпы коомчулук бул боюнча эмне дейт белгисиз, бирок борбордогу экономикалык жана саясий чөйрөдө Мишустин тууралуу кооз легендалар айтылууда десек болот. Аны кризистен алып чыгуучу мыкты менеджер, баштаган ишинин майын чыгара аткара турган чиновник экендигин белгилешүүдө.

Мишустин Орусияда өзүнүн бизнестеги мыктылыгы менен таанылган. 2004-жылы Мишустин жетекчиликке келгенге чейин кыймылсыз мүлк агенттиги “кара тешик” катары гана саналып келген. Орусиянын жаңы премьери боло турган киши бул жерди билимдүү башкармалыкка айланта алды. Андан соң, башкаруу мыктылыгы менен экономика тармагы жана салык кызматында да ушундай ийгиликтерге жетишкен. Эми мындай ийгиликтер 53 жаштагы Михаил Владимирович Мишустинди Орусиянын өкмөтүндө күтүп тургандай.

Албетте, жаңы премьер-министр бул милдетти кантип аткарары азырынча келечек жооп бере турган суроо бойдон калууда. Бирок, Орусиянын экономикасына төңкөрүш жасай ала турган шанс Мишустинде гана бардай. Путин да аны өкмөт башчылыкка дайындап, талапкерлерлдин арасынан эң мыктысын тандап чыкканы шексиз.

Эми Мишустин менен кененирээк таанышсак:

Михаил Мишустин 1958-жылы туулган. Атасы Шереметьево аэропортунда, апасы медициналык жайда эмгектенген. Ал Москвадагы станоккурулуш институтун (Станкин) өзгөчө жетишкендик менен окуган. Мишустиндин студент кезинде жазган айрым методдору Станкинде дагы деле колдонулары айтылып келет.

1989-жылы институтту аяктаган Мишустин жеке бизнеске кирип кетет. Ал бир тууганы менен биргеликте Москва эл аралык компьютердик клубун түзөт. Учурда бул клуб Орусия экономикасынын рыноктук тармагында олуттуу орунду ээлейт. Эл аралык компьтердик клубдун сайтында Мишустин бизнесмендер менен кантип тил табышып, алар менен кантип бизнесин өнүктүргөнүн айтып берген баяндамалары да бар.

Кыскасы, Мишустиндин рыноктон алган тажрыйбалары анын мамлекеттик кызматта ийгиликке жетүүгө, өзүн эркин сезүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. Макаланын автору Михаил Ростовский, Орусиянын экономикалык менеджерлердин арасында мындай адамдар аз эле эмес, өтө аз экендигин белгилейт.

2008-жылы Михаил Мишустин бизнеске кайтууга аракет кылганы менен, аны кайрадан чакыртып, азыркыга чейин ээлеп келген Салык кызматынын жеткечилигине дайындайт.

Мишустинди ийгиликке жеткирген сапаттары кандай?

Мыкты математик Мишустин татаал системаларды түзүп, алардын үзгүлтүксүз аткаруу кызматтарын жарата алат. Мишустиндин тааныштары анын тамашакөйлүгүн баса белгилешет. Андан сырткары, ар тараптуу талант ээси экендигин айтышат. Ыр жазган болочоктогу премьер Орусиядагы белгилүү аткаруучулардын ырларына текст жазып жүрөт. Нота билбеген Мишустин, фортепиянодо да ойноп калмайы бар. Профессионалдуу спортсмен болбосо да, хоккейде ойноп келет. Бирок, Михаил Мишустин жумушка киришкенде бир гана жумуш менен алек болмой жайы бар экендигин белгилешет.

Жаңы премьер камкор, мээримдүү адам болгону менен, башкарууда катаал жана башаламандыкка чыдабаган адам экендиги айтылууда.

Михаил Мишустин саясий премьер-министр болбошу анык. Ал негизинен, экономикалык тармакты өнүктүрүүгө басым жасагандыктан, Путинден кийинки президенттик кызматка талапкер болот деп айтыш кыйын.

Лондондук Кингз-Колледжинин алдындагы Орусия институтунун директору, доктор Сэм Грин «Орусиянын саясатындагы окуялар – жакшы ойлонулган эле эмес, күтүлгөн стратегия болуп калды» деген пикирде.

Анын айтымында, бийлик канткенде да учурдагы президенттин ролун сактап калуу аракетинде. Айрыкча Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен. Бирок, бул эмнеге алып барары азырынча белгисиз.

Жаңы өкмөт башчынын шайланышы элдин назарын ага буруу менен, Путиндин толугу менен бийлик маселелерине көңүл коюусуна шарт түзөт.

Айрыкча, экономикалык жагдай Путиндин бийлигине сөз тийгизип келет. Мишустинди өкмөт башчылыкка алып келиши, Путиндин 2024-жылдан кийинки өзүн коргоо үчүн бийлигин чыңдоого болгон аракети экени көрүнүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM