Биз менен байланышыңыз

Көк-Таштыктар: Балдарды сот бошотот деп үмүт кылгандан башка аргабыз жок

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 990 | 0

Бүгүн Кадамжай районунда Баткендин Көк-Таш айылынын чагымчылдыкка шектелип камакка алынган  тургундарынын баш коргоо чарасы жогорку инстанцияда каралууда.

Бул тууралуу “Маралга” камакка алынган Зайнидин Бердиевдин жубайы Айхан Бердиева билдирди. Чагымчылдыкка шектелген төрт жарандын  үй-бүлө мүчөлөрү Көк-Таштан 160 чакырым алыстыкта жайгашкан сотко барышты.

— Биздин кызыкчылыкты колдогонго дагы кошумча адвокат жалданды. Ошондо төртөөнө үч жактоочу болду. Сот биздин кайрылууга көңүл буруп, жогорку инстанцияда карап жатат. Буга рахмат. Бирок бул иш облусттук сотто, Баткен шаарында каралышы керек эле. Кантип бул жакта каралып жатат, биз билбей жатабыз. Райондук соттун чечимин жокко чыгарып, биздин өмүрлүк жолдошубузду бошотуп берет деп үмүт кылып турабыз. Мындан башка эч аргабыз да жок, — деди Айхан Бердиева.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди чагымчылдык жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Январдын он үчүндө жана он бешинде аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкекте ак үй алдында ири нааразычылык акциялары өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM