Биз менен байланышыңыз

Көк-Таштын камактагы эки тургуну үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 29 Фев 2020 | 1390 | 0

Баткендин Көк-Таш айылында тажиктер менен болгон чек арадагы чырдан кийин “Ээнбаштык” беренеси менен камакка алынган Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Зайнидин Бердиев өзү “Маралга” билдирди. Ал мындай болуп кетишин таптакыр күтпөгөнүн айтат.

Бул ойдо жок болчу. Жатсак эле Баткенге этап деп калышты. Баткенге алып келип эле сот болуп, үй камагына чыгарышты, — деди Зайнидин Бердиев.

Баткендин Көк-Таш айылынын тургундары Зайнидин Бердиев, Улукбек, Нурбек жана Үсөн Сапарбаевдерди “ээнбаштык” жасады деген шек менен 11-январда милиция кармаган.

13-январда Кадамжай райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

17-январда сот кармалгандардын экөө — Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаев үй камагына чыгарып, Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаевди 1 айга камакта калтырган болчу.

Жакында эле облустук сот алардын баш коргоо чарасын карап, дагы эки айга камакта калтырган болчу.

Январдын он үчүндө жана он бешинде аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда ири нааразычылык акциялары өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM