Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Италиядагы мелдеште алтын медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2020 | 664 | 0

Кыргызстандын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Matteo Pellicone – 2020 эл аралык мелдешинин алтын медалын утту. Дүйнө чемпиону финалда орусиялык Любовь Овчаровану утуп алды. Таймаш аягына чыга электе эле жеңиш Айсулууга берилди.

Беттештин экинчи бөлүгү башталып, эсеп 7:2 Айсулуунун пайдасына болуп турганда орус кызы мурдунан алган жаракатынан улам беттешти токтоткон.

Айсулуу жарым финалда АКШлык Kayla Colleen Kiyoko Miracle’ти бир мүнөттүн ичинде далысын тийгизип, таза артыкчылык менен жеңди. Чейрек финалда болсо дагы бир АКШлык Macey Ellen Kilty’ни 10:0 эсебинде уткан.

Тыныбекова бул мелдеште 8/1 финалдан баштап күрөшкөн. Биринчи атаандашы кытайлык Цзя Лонг гана Айсулууга татыктуу каршылык көрсөтө алды. Ал беттештин жүрүшүндө улам эки балл алдыда баратты. Таймаштын бүтөрүнө 20 секунда калганда Цзя Лонг 6:4 эсебинде утуп жаткан. Тажрыйбалуу балбан кыз Айсулуу 10 секунданын ичинде 2 балл алып эсепти теңеп, беттештин жеңүүчүсү болду. Эрежеге ылайык эсеп тең-тең аяктаганда акыркы аракет жасаган балбанга артыкчылык берилет.

Matteo Pellicone – 2020 рейтингдик эл аралык мелдешинин кыздар күрөшү Италиянын борбору Рим шаарында кечээ аяктады.

Бул мелдешке Кыргызстан курамасынан Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы да катышып, биринчи айлампада эле жеңилүү ызасын тартышты. Нураида немис балбан кызына утулса, Айпери Медет кызы эки жолку дүйнө чемпиону, 2016-Рио Олимпиадасынын чемпиону орустун балбан кызы Наталья Воробьевага жеңишти алдырды. Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова чемпион болду.

Белгилей кетели, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылдын сентябрында Казакстандын Нур-Султан шаарында дүйнө чемпиону болгондон бери бул экинчи мелдеши. Өткөн аптада эле Түркияда жыйынтыкталган Yasar Dogu — 2020 эл аралык мелдешинде ат салышып, алтын байге уткан.

Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова учурда 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM