Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 597 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 24-январдан 30-январга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара Кытай тараптын демилгеси менен улуттук «Кытайдын Жаңы жыл» майрамына байланыштуу жабылууда.

Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 31-январда кайра жанданат.

Copyright © 2017 Maral FM