Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Matteo Pellicone мелдешинин жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 16 Янв 2020 | 436 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Matteo Pellicone – 2020 эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты. Дүйнө чемпиону финалга чыгуу үчүн АКШлык Kayla Colleen Kiyoko Miracle менен күрөшмөкчү.

8/1 финалдан баштап күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова кытайлык Цзя Лонг’ду, чейрек финалда АКШлык Macey Ellen Kilty’ни 10:0 эсебинде жеңип алды.

Ушул күндөрү Италиянын борбору Рим шаарында Matteo Pellicone – 2020 рейтингдик эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Бул мелдешке Кыргызстан курамасынан Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы да катышып, биринчи айлампада эле жеңилүү ызасын тартышты.

Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM