Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Дума премьер-министрликке Михаил Мишустиндин талапкерлигин жактырды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 609 | 0
Орусияда Мамлекеттик Дума премьер-министрлик кызматка Михаил Мишустиндин талапкерлигин жактырды. Ачык шайлоодо 383 депутат Мишустиндин талапкерлигине макулдугун билдирип, 41 адам бейтарап калды. Эч ким каршылык көрсөткөн жок.
Мишустин депутаттардын колдоосуна ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, кечээ, 15-январда Орусияда Дмитрий Медведев баштаган өкмөт толугу менен отставкага кетти. Президент Владимир Путин анын ордуна Михаил Мишустинди сунуштады.

Жаңы өкмөт башчы боло турган Мишустин Путиндин мураскериби?


53 жаштагы Михаил Владимирович Мишустин 2010-жылдан бери Орусиянын Салык кызматын жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM