Биз менен байланышыңыз

Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулушуна 280 млн доллар бөлүнөт

Экономика | 16 Янв 2020 | 654 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулуп, миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Бул үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу жаз айларында башталат. Логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Андан сырткары, курулуш ишине 1000ге жакын жергиликтүү жумушчулар алынат.

Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулса, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз боло тургандыгын экономика министрлигинин аймактар аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев билдирди:

-2016-жылы Ак-Талаа айыл кеңешинин чечими менен 200 гектар жер логистикалык борборду салууга бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Андан кийин жер Нарын эркин экономикалык аймагына берилген. Андан соң жер «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына 49 жылга ижарага берилген. 

Инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбору салына турганын Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев айтты, ошондой эле жергиликтүү калктын 98 пайызы буга макул болгонун кошумчалады:

Кытай менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында макулдашылып, жер маселеси чечилген, 49 гектар жер ижарага алынган. Курулуш иштери жакын арада башталат. Логистикалык борбор 3 тармакка бөлүнөт. Ал эми жергиликтүү эл менен жолугушууларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жергиликтүү жашоочулар дээрлик 98 %ы курулушту баштоого макул болушту. 

Соода-логистикалык борбордун курулушуна  280 миллион доллар бөлүнөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылып, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт. Нарын облусунун социалдык маселелери чечилет. Мындай пикирди «Нур Строй Монтаж»компаниясынын директору Эмиль Абыдкадыров  айтып,  ал ошондой эле мейманкана, административдик корпус 5 миң метр жерге курула тургандыгын айтты:

-Биз соода менен эмес, өндүрүш менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүшүбүз керек. Бул борбор курулса, биринчи өлкөгө инвестиция тартылган болот, андан сырткары Нарын облусунун жашоочулары жумуш менен камсыз кылынат. Алгач административдик корпус курулат, ал жерде жумушчуларды окутуп, жумуш сунуштайбыз.   

Ал белгилегендей, акыркы күндөрү эл арасында «жер сатылып кетти» деген сөздөр жүрүп жатат. Бирок ал пикирлер туура эмес. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулунун айтымында, инвесторлор бул долбоорго 280 млн доллар жумшайт. Инвесторлор жердин ижара акысы үчүн 43 миллион сом төлөгөн. Комплекс үчкө бөлүнөт: биринчиси — индустриялык тармак, экинчиси — соодага байланыштуу жана үчүнчүсү — логистикалык маселелерди чечүүгө байланыштуу курула тургандыгын айтты.

-Биринчиси — индустриялык тармак, экинчи – соодага байланыштуу жана үчүнчүсү логистикалык маселелерге байланыштуу курулат. Кыргыз-кытай ишканасына 200 гектардын 176 гектары берилди. Калган 24 гектары башка инвестициялык долбоор болууда. Анда мамлекет-жеке өнөктөштүктүн негизинде бажы-логистикалык борбор курулат. Логистикалык борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук жана көңүл ачуу зоналары курулат.

«Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү болуп Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюньдеп эсептелеинет. Комплекс 8 жылда  курулуп, ишке берилет. Аталган логистикалык борбор Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыс жерге курулат.

Долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында ишке ашырылып, жакында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев индустриялык соода логистикалык борборунун пайдубалына капсула салып келген.

Copyright © 2017 Maral FM