Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 17-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -7…..-12… күндүз: -4……..1°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -7…..-12….күндүз: 0………-5°C
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: -3……-8….күндүз: -4……..1°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -15…..-20….күндүз: -2……..3°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -16……-21…..күндүз: -5..……-10°C
17-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7……-9°C, күндүзү 0………-2°C.