Биз менен байланышыңыз

Баткенде күч түзүмдөрү чек араны талкуулаган жыйын өтөт

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 457 | 0

Эртең, 16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен чек ара маселелери боюнча координациялык кеңешме өтөт.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Жыйынга Улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM