Биз менен байланышыңыз

АКШда мектептин үстүнө авиакеросин чачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 522 | 0

Delta Air Lines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учактын экипажы Лос-Анжелестин жанындагы Кадахи аттуу жерде жайгашкан мектептин үстүнө учактагы ашыкча авиакеросинди бүркүп жиберген. Учурда жабырлануучулардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу Лос-Анжелестин Өрт өчүрүү кызматы билдирген.

Аталган кызмат өзүнүн Твиттердеги баракчасында авиакеросин төрт башталгыч мектептердин үстүнө төгүлгөнүн жана мындан 44 киши жабыр тартып, алардын 20сы жаш балдар экени белгиленген. Өрт өчүрүүчүлөр мындан сырткары, Associated Press агенттигинин журналисти Стефани Дазионун жабырлануучулардын реалдуу саны 56га жеткен деген маалыматын да кошумчалашкан. Алардын бардыгы алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин госпиталдаштыруудан баш тартып, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM