Биз менен байланышыңыз

Ирак АКШ аскерлерин өлкө аймагынан чыгып кетүүнү талап кылса, аскердик жардам токтотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 583 | 0

Эгерде Ирак өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу чечимин кабыл алса, АКШ Иракка аскердик жардам көрсөтүүнүн көлөмүн азайтат. Бул тууралуу Wall Street Journal  басылмасы америкалык расмий адамдардын электрондук кат алышууларына таянып жазып чыккан.

Басылманын айтымында, Дональд Трамптын администрациясы эгер Багдад америкалык аскерлерди чыгарып жибер турган болсо, Ирак өлкөсүнө 250 миллион долларлык аскердик жардам берилбей кала тургандыгын билдирди. Бул жардамды убагында АКШ конргесси жактырган. Мындан сырткары, администрация экономикалык жана аскердик башка жардамдарды да чектөө мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Акыркы чечим учурда кабыл алына элек.

Эскерте кетсек, Багдадда иран генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин ирак парламенти америкалык күчтөрдү чыгаруу боюнча мыйзамдуу күчкө ээ болбогон резолюцияны кабыл алган. Кийинчерээк Ирактагы АКШынын аскердик күчтөрүнүнүн башчысы аскерлерди чыгарууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Бирок Пентагондо жогорудагы каттын жөн гана “кагаз” болгонун айтып чыгышкан. АКШнын Коргоо министри Марк Эспер америкалыктардын Иракты калтырып кетүү боюнча ниети жок экенин билдирген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM