Биз менен байланышыңыз

Японияда эркек-министр баласын кароо үчүн декретке чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 688 | 0

Япониянын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Коудзими Синдзиро январь айында төрөлгөн тун баласын кароо үчүн өргүүгө чыгарын билдирди.

NHK телеканалы билдиргендей, министр Коидзуми үч айдын ичинде жалпы жонунан эки жумалык өргүү аларын билдирди. Муну менен катар Коудзими министрлик ишмердүүлүгүнө зыян келтирбөө максатында кыска жумушчу күндөрдүн эсебинен өргүүгө чыгат.

Ал ошол эле учурда видеочогулуштардын форматын колдонуп, кызматкерлер менен электрондук почта аркылуу байланышып турат. Коудзиминин колуктусу – белгилүү телеалыпбаруучу жана модель Такикава Кристелдин кош бойлуу экендиги белгилүү болгондо өргүү аларын билдирген. Бирок анын мындай аракети менен Либералдуу-демократиялык партиянын консервативдүү саясатчыларынын курч сынына кабылган. Өргүү алуу боюнча чечимди министр япон коомчулугунда балдарды кароо боюнча атмосфераны өзгөртүүгө байланыштуу кабыл алган.

Эскерте кетсек, Японияда баланы кароо боюнча өргүү алуу аялы-күйөөсүнө тең мыйзамдуу түрдө берилет. Бирок эркектердин аз сандагы пайызы гана бул мүмкүнчүлүктү колдонуп жүрүшөт. Мунун негизги себебин өзүнүн жумушун кызматташтарына жүк кылгысы келбегендиги менен түшүндүрүшкөн. Адистердин айтымында, баланы кароо үчүн эркектерге өргүү берүү аркылуу эки көйгөйдү чечүүгө болот. Бул балдардын төрөлүшүнүн көбөйүшүнө жана аялзатын жумушка активдүү тартууга өбөлгө түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM