Биз менен байланышыңыз

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы ишкерликти каржылоону 105 млн. долларга жеткирет

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 966 | 0

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы ишкерликти каржылоо көлөмүн 105 миллион долларга чейин жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев президент менен жолукканда айткан.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Асрандиев аталган фонд орто бизнести каржылоо үчүн «РСК» банкына узак мөөнөттүү насыяга деп 15 миллион доллар берерин айткан. Ошондой эле долбоорлорду каржылоого башка банктар аркылуу 90 миллион доллар бөлүнөрүн белгилеген.

Фонддун жетекчиси айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин айтып, ишкерлерди каржылоо өлкөдөгү банктар аркылуу жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM