Биз менен байланышыңыз

Киреше көп тапкан дүйнөлүк футбол клубдары

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 665 | 0

Каталондук «Барселона» кирешелүү клубдардын рейтингинде сап башынан орун алды. Мындай жыйынтыкты Deloitte консалтинг компаниясынын эксперттери чыгарды.

Изилдөөгө ылайык, «Барселона» клубунун 2018/2019-сезонундагы кирешеси 840,8 миллион еврого жеткен. Тизме боюнча экинчиликти мадриддик «Реал» клубу алды (757,3 млн евро). Үчүнчү сапта англиялык «Манчестер Юнайтед» турат. Анын өткөн сезондогу кирешеси 711,5 миллион евро деп эсептелген.

«Барселона» футбол тарыхында алгач ирет кирешелүү клуб деп табылды. Ошондой эле, кирешеси 800 миллион евродон ашкан да алгачкы клуб болду.

Кирешелер тизмегин эсептеген Deloitteнин эксперттери клубдарга эң аз кирешеоюндарга билет сатуудан түшөрүн аныктаган. Билеттен түшкөн каражат кирешенин 16 пайызын түзөт. 44 пайыздык пайданы түз алып берүүлөр түзөт. Ал эми жарнамадан түшкөн каражат кирешенин 40 пайызын түзөт.

2019-жылдын декабрында Sportingintelligence эң көп акы алган футболчуларды атады. Анда да «Барселончулар»  жылдык орточо маянасы 12,2 миллион долларды түзүп, сап башын ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM