Биз менен байланышыңыз

Бажычылар учакты ижаралап Дубайга барганбы? Расмий жооп

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 1528 | 0

Tuz.kg сайтына бүгүн, 14-январда жарыяланган «Кыргызстандын бажычылары учакты ижарага алып, кышкы эс алууда Дубайга барды» деген маалымат боюнча Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусурканов «Маралга» маалымат берди.

Анын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Жаңы жылда эч жакка барган эмес.

Ошондой эле, Мусурканов акыркы убакта айрым адамдар Бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизсиз жана текшерилбеген маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Тuz.kg сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына шилтеме берип,  Бажы кызматынын 15 жогорку даражалуу кызматкери үй-бүлөлөрү менен 2020-жылды тосуу үчүн кичине учакты ижарага алып, Алматыдан Дубайга учушканын жазган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM