Биз менен байланышыңыз

Японияда АЭСтен уран-плутонийди алуу боюнча операцияны ийгиликтүү ишке ашырды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 590 | 0

Токионун өзөктүк куралды жасоо үчүн плутонийдин кенен запасы бар.

Япон адистери Сикоку аралыгында “Иката” АЭСинен шейшемби күнү үчүнчү реактордон уран-плутонийди алышкан. Kyodo агенттиги мындай операциянын өлкөдө биринчи жолу ишке ашырылгандыгын жазып чыкты.

МОКСтун иштен чыккан стержендери жогорку температурага чейин ысытылган. Аларды азырынча атайын бассейндерде сакташат. Себеби бул түрдөгү радиактивдүү материалдардын калдыктарын кайра иштетүү жана утилизациялоо боюнча Японияда атайын кубаттуулуктар жок.

Токио плутонийдин чоң запасына ээ болгондуктан, өзөктүк курал жасоого мүмкүнчүлүгү көп.

“Иката” АЭСиндеги эки энергоблок демонтаж абалында турат. Бирок үчунчү реактор 2018-жылдын октябрь айында ишке киришкен. Бул станция Япониянын төрт аралынын биринде жайгашкан.

2011-жылдагы “Фукусима-1” аварияга чейин Япониянын энергобалансында 30%ды түзгөн. Учурда Японияда беш станцияда сегиз реактор иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM