Биз менен байланышыңыз

Австралия: Коалалар жок болуу коркунучунда

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 1000 | 0

Австралия бийлиги токойду каптаган өрттөн соң, континенттеги жапайы жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 40 миллион доллар каражат бөлөт. Айлана-чөйрөнү коргоо министри Сьюзан Лейдин айтымында, бул каражаттын жарымы өрттөн жабыркаган жаныбарларды, айрыкча коалаларды коргоо үчүн жумшалат.


Австралия: өрткө чейин жана өрттөн кийин [фото]


Лей белгилегендей, Австралиядагы октябрь айынан бери токтобой келген өрттөн улам, коалалар жапырт жабыркагандыктан, жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын катарына кирүү коркунучу турат. Алардын басымдуу бөлүгү күйүп кеткен, ошондой эле жаракат алгандары да көп. Бирок, азырынча жандыктардын канчасы өлгөндүгү тактала элек.


Австралиядагы апаат жарым миллиард жаныбарды жок кылды (фото)


Жапайы табият боюнча дүйнөлүк уюму Австралиядагы үзгүлтүксүз өрттөн улам 1,5 миллиарддай жандык жок болгонун маалымдады.

Расмий маалыматтарга ылайык, 28 адам каза болуп, 2000дей турак жайды өрт алган.


Австралия: Жаанга кубанган жаныбарлар [фото, видео]

Copyright © 2017 Maral FM