Биз менен байланышыңыз

Мамат Айбалаевдин кызы Улуттук банкта жетекчилик кызматка дайындалды

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 5530 | 0

Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаевдин кызы Айнура Айбалаева Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды. Айнура айым өлкө башчысынын жарлыгы менен дайындалганын президенттин маалымат кызматы бүгүн, 13-январда  билдирди. Ал кызматтык ыйгарым укугунун мөөнөтү (7 жыл) аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулган Тимур Жусуповдун ордуна келди.

Айнура Айбалаева 49 жашта. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1993-жылы аяктаган. 1998-жылы 2 жылдык окуудан кийин Франция Премьер-министринин алдындагы Улуттук башкаруу мектебин аяктап, мамлекеттик башкаруу магистри дипломуна ээ болгон.

Улуттук банкта 1998-жылдын октябрь айынан тартып эмгектене баштаган. Улуттук банкта иштеген жылдары ар кандай кызмат орундарын: валюталык башкаруунун тышкы байланыштары бөлүмүнүн башчысы, тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы кызматтарын жетектеген. 2009-жылдан тартып, 2012-жылдар аралыгында Азия өнүктүрүү банкынын Аткаруучу директорунун кеңешчиси катары (Манила шаары, Филипинны), 2012-жылдан тартып 2015-жылдын январь айына чейин Кыргыз-Швейцариялык банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM