Биз менен байланышыңыз

Стамалиева президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 547 | 0

Президент Жээнбековдун Аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Буга байланыштуу өлкө башчынын жарлыгы чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен:

— Толгонай Стамалиева КР Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

— Наргиза Мансурова КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Назгүл Ташпаева КР Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Кудайберген Базарбаев КР Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM