Биз менен байланышыңыз

Атышуу болгон Көк-Таш айылындагы мектепте окуу башталды

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 351 | 0

Бүгүн, 13-январда Баткендин ок атышуу болгон Көк-Таш айылындагы Шайдылла Ганы атындагы орто мектебинде окуу башталды. Атышуу чыккандан кийин башка айылдарга кеткен окуучулар мектепке келише элек. Бул тууралуу мектептин директору Канатбек Боронов билдирди. Мектептин жамааты мурдагы күнү, кечээ иштешип, класстарда окууга даярдашкан.

10-11-январда тажиктер ок атып, чыр чыкты. Анда каникул болчу. Айылдагы жаш балдар, аялдар коопсуз жай деп мектепке көчүрүлгөн. Кечээ алар үйлөрүнө таратылып, биз, мектеп мугалимдери, класстарды окууга даярдадык, — деди Канатбек Боронов.

Эскерте кетсек, Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалаган. Түнкү саат 02лерде куралдан ок чыгарышып, таңкы 07:20га чейин маал-маалы менен ок атышкан.

Буга байланыштуу айылдагы аял жана балдар, жалпысынан 254 адам Көк-Таш орто мектепке жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM