Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 14-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 495 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 14-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: 0…….-5°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 0………-5°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 0……..5°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -3……..2°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -12……-17…..күндүз: -6..……-11°C

14-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3……-5°C, күндүзү 0………-2°C.

Copyright © 2017 Maral FM