Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 13-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 621 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 13-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: -3…….2°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -2…..-17….күндүз: -3………2°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -3……2….күндүз: 0……..5°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -11……-16…..күндүз: -5..……-10°C

13-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……-4°C, күндүзү 0………2°C.

Copyright © 2017 Maral FM