Биз менен байланышыңыз

Имамидин Ташов чек арадагы 100 үй-бүлөнүн маселесин чечмей болду

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 10996 | 2

“KG групп” курулуш компаниясынын президенти, меценат Имамидин Ташов Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жеринде жайгашкан Көк-Таш айылына 3 багыт боюнча жардам бере турган болду.

Имамидин Ташов 10-январда чек ара чыры чыккан айылдын тургундарынан кабар алып, жергиликтүү элге кан чыгаруу ниетинде 2 жылкы союлду. Ал жолугушууда Көк-Таш айылынын тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек ара маселесине байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү чечүү тууралуу сөз кылышты.


Абылгазиев тажикстандык кесиптеши менен чек ара тууралуу сүйлөштү


Белгилүү ишкер жолугушуунун алкагында чек арада жашаган 100 үй-бүлөнүн турак-жайына кызыл китеп алууга көмөк көрсөтүп, ага коротулчу чыгымды толугу менен каржылап бере турган болду. Чек арадагы коопсуздукту бекемдөө жана кошуна өлкөнүн жарандарынын буга чейинки ар кандай чагымчылдык аракеттеринин алдын алуу максатында видеокөзөмөл жабдууларын орнотууга жардамдашып, айылды жарыктандырууну каржылоого убадасын берди.

Эске сала кетсек, кечээ чек арадагы айылда тажик-кыргыз элинин ортосунда тирешүү болуп, тажик тургундары ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Окуя 10-январга караган түнү башталып, таң атканга чейин уланган.


Чек ара: Көк-Ташта түндө дагы ок атышуу болду


2 пикир

2 пикир

  1. Кани

    11.01.2020 19:01

    Ушундай Азаматтардан 100болсо чек ара да Чечилмек

  2. Жигит

    11.01.2020 23:29

    Эл урматына татуу учун башчы болуу эмес, эл урматтаган башчы болуу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM