Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев тажикстандык кесиптеши менен чек ара тууралуу сүйлөштү

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 544 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын өкмөтүнүн башчысы Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу чараларын биргеликте көрүү тууралуу пикир алышты.

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн чек араларынын коопсуздугу, кызматташтык маанилүү экенин, мындай жагдайда чагымчыл аракеттерге жол бербөө зарылдыгын белгилешти.

Эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун иши күчөтүлөт.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан кийин алар Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын тажикстандыктар Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен түнкү саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш жаадырышкан. Ал жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко кабылышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

11-январга караган түнү да тажик тараптан ок атылганын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM