Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Көк-Ташта түндө дагы ок атышуу болду

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 2733 | 0

Баткен районунун Тажикстанга чектеш Көк-Таш айылында 11-январга караган түнү дагы ок атышуу болду. Бул тууралуу «Маралга» окуя болгон жерге жакын жашаган айыл тургуну Абдумиталип Кумарбаев билдирди. Окуя Жака-Өрүк участкасынан өтүп бараткан Кыргызстандык жүк ташуучу унааны тажик тургундары таш менен ургандан кийин башталган.

Дагы кечээкидей ок атышуу болду. Кыргыздарда курмандыктар, ок тийип, жаракат алгандар жок. Ок атуу түнкүсүн саат бирлерде башталды. Тажиктер биринчи болуп ок чыгарышты. Дээрлик 2-3 сааттай маал-маалы менен атышуу болуп турду. Биз айылдагылар түнү бою күзөттө болдук. Чыр Исфанадан Бишкекке бараткан оор жүк ташуучу унаага тажиктер таш ургандан кийин башталган, — деди айыл тургуну Абдумиталип Кумарбаев.

Эске сала кетсек, кечээ чек арадагы айылда тажик-кыргыз элинин ортосунда тирешүү болуп, тажик тургундары ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Окуя 10-январга караган түнү башталып, таңкы сааттарга чейин уланган.

Окуяга байланыштуу Тажикстандын расмий өкүлдөрү да чагымчылдыкка барып жатканын Кыргызстандын чек ара кызматы белгилеп, аларды бейтарап болууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM