Биз менен байланышыңыз

Президенттер Жээнбеков менен Рахмон чек арада чатак чыгаргандарды жазалоону сүйлөштү

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 538 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашкан.

Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезгич болуп калганын айткан.

Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы көп кылымдан берки достугу болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду«, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков мамлекеттик чек арадагы окуя боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн жакшы коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын өзгөчө белгилеген.

Кыргыз президенти чек арадагы чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартуу керектигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу пландарды талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM