Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз – азербайжан Достук паркынын пайдубалы түптөлдү

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 388 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземине катышты. Достук паркы баш калаанын түштүк тарабына курулуп баштады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө өлкө башчысы бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилгенин белгилеген.

Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда орто мектеп куруу ниетин билдирген.

Мамлекет башчысы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.

«Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал Президент Ильхам Алиев баш болгон азербайжан тарабын парктын курулушуна көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп каларына ишенерин айтты.

Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылат.

Ильхам Алиев бул парк эки элдин жалпы тарыхына жана этникалык тамырына, улуттук баалуулуктарына жана салтына негизделген эки өлкөнүн достугунун жана боордоштугунун символу экендиги белгилейт. Бул тууралуу анын кайрылуусунда айтылганын Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гидаят Оруджев айтты.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтка жайгашат.

Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

Copyright © 2017 Maral FM