Биз менен байланышыңыз

АКШ жооп узатса, Иран дагы жүз америкалык объектиге чабуул коёрун айтып коркутту

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 4266 | 0

Тегеран АКШнын Ирактагы авиабазасына урулган ракеталык соккудан 80ден ашуун америкалык жоокердин өлгөндүгүн айтып жатат. Учурда Пентагон да келтирилген зыянды эсептеп турган чагы. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Twitterдеги баракчасына “баары жакшы” деп жазып койгон.

 

Иран январдын жетисинен сегизине караган түнү АКШнын Айн аль-Асаддагы  базасына ракеталык чабуулдун негизинде масштабдуу чыгым келтиргенин билдирген. Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалыматында кеминде 80ден ашуун “америкалык террористтин” мерт болгондугу кабарланууда. Ошондой эле, аскердик базада жайгашкан америкалыктардын техникасына да олуттуу зыян келтирилгени да айтылууда.

Маалыматта Иран америкалык базага 15 ракета менен сокку урганы айтылып, бир дагы ракета абадан корголгон эмес дешет. Иран мамлекеттик телевидениеси Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун өкүлүнүн “эгерде АКШ Иранга кайра жооп узата турган болсо, Иран дагы америкалык жүз объектиге кол салууга даяр” деген сөзүн тараткан.

Пентагон ирандык ракеталар талкалаган чыгымды эсептөөдө

Ошол эле учурда америкалык CNN телекомпаниясы АКШ куралдуу күчтөрүнүн маалыматтарына таянып, Иракта дислокация болгон америкалык системалар эрте кабар берүүчү системалар менен жабдылгандыгы үчүн өз учурунда даярдалып жаткан ракеталык чабуул тууралуу кабарланып, бункерлерде жашынып калууга үлгүрүшкөн дейт. Пентагон келтирилген зыян учурда эсептелип жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Иран менен АКШнын мамилелери  3-январда АКШ тарабынан иран генералы Касем Сулейманини максаттуу түрдө өлтүргөндөн кийин курчуган. АКШ Сулейманини америкалыктарга каршы терракттарды даярдап жатат күнөөлөгөн. Иран өз кезегинде бул окуя үчүн өч аларын билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM