Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 5-январда Ысык-Көлдүн айрым райондорунда кар жаайт

Кыска кабар | 4 Янв 2020 | 594 | 0

Кыргызгидромет борбордун маалыматына ылайык, эртең, 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM