Кыргызгидромет борбордун маалыматына ылайык, эртең, 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.