Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде экинчи саптан орун алды

Кыска кабар , Спорт | 2 Янв 2020 | 706 | 0

Кыргызстандын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 2019-жыл боюнча дүйнөлүк рейтингде аялдар арасында экинчиликти ээледи. Бул көрүнүш Бириккен күрөш дүйнөсүнүн 2019-жылдагы спортчулардын аракетин жыйынтыктаган жаңыланган рейтингинде аныкталды.

2019-жылы Тыныбекова 62 кило салмакта дүйнө чемпиону болгон. Андан сырткары, Азия чемпионатында алтын медаль, Poland Openде күмүш жана Dan Kolovдо коло медалдарына ээ болгон. Бул жыйынтыктар менен жалпы 94 упай чогулткан күрөшчү дүйнө боюнча экинчи сапка жайгашкан. Ал эми өзүнүн салмагында биринчиликте турат.

2019-жылдагы аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө мыктысы – 108 упай менен америкалык балбан Тамира Менса болду. Ал 68 кило салмак менен чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM