Connect with us

Виза берүү санариптештирилет

Кыска кабар | 2 Янв 2020 | 786 | 0

Кыргыз Республикасынын визаны тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускамасынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жаңы редакциясы төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

— визаларды тариздөө процедураларын санариптештирүү;

— «Электрондук виза» системасын мындан аркы өркүндөтүү;

— бюрократиялык процедураларды кыскартуу;

— визаларды алуучулар менен түз байланышты жоюу;

— өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу;

— коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу.

Документтин жаңы редакциясы:

— тышкы миграцияны каттоонун Бирдиктүү системасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын аймагына келгендер жөнүндөгү маалыматтарды ыкчам алмашат, бул өз кезегинде тышкы миграция чөйрөсүндөгү тиешелүү органдардын миграциялык процесстерге борборлоштурулган башкарууну киргизүүсүн шарттайт;

— чет өлкөлүк жарандардын уруксат берүүчү документтерди толтуруудагы шарттары жана жол-жоболору жеңилдетет;

— эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM