Биз менен байланышыңыз

Орусия кыска мөөнөттүү электрондук визаларды киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 491 | 0

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 2021-жылдын 1-январынан баштап универсалдуу бирдиктүү электрондук визаны киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды.

Документке ылайык, Орусияга туристтик, ишкердик, конок болуп жана гуманитардык максаттар менен келген чет элдиктер үчүн бир жолку электрондук виза киргизилет.

Электрондук виза арыз берилген күндөн тартып 4 күндүн ичинде даяр болот. Анын жарактуулук мөөнөтү эки айга чейин жетет.

Бул виза менен Орусияда 16 күнгө чейин турууга уруксат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM