Биз менен байланышыңыз

Дүйнө лидерлери президент Жээнбековду жаңы жылы менен куттукташууда

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 535 | 0

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Акыркы мезгилде кыргыз-орусиялык өнөктөштүк жана союздаштык үчүн көп иштер аткарылды. Жакында болуп өткөн Бишкектеги жолугушуубузду, эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин конструктивдүү, мазмундуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү канааттануу менен эстейм.

Орусиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган келе жаткан 2020-жылы дагы биз боордош элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен тыгыз жумушту улантабыз деп ишенем.

Сизге, Сооронбай Шарипович, Сиздин жакындарыңызга жана үй-бүлөңүзгө бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына — тынчтык жана бакубатчылык каалайм, — деп Владимир Путиндин куттуктоо телеграммасында белгиленген.

Ушундай эле куттуктоолор жакынкы Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана алыскы Германия, Италия өлкөлөрүнүн президенттеринен, Кытайдын төрагасы, Япониянын, Орусиянын премьер-министрлеринен келип жатканын президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Copyright © 2017 Maral FM