Биз менен байланышыңыз

Казакстандан мыйзамсыз кирген күйүүчү майдын туруктуу схемасы аныкталды

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 490 | 0

Салыктан качуу максатында Чүй облусунун аймагындагы мунай базасына Казакстан тараптан күйүүчү жана майлоочу материалдарын мыйзамсыз алып кирген туруктуу схема аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Кыргызстандын жараны Казакстандын компаниясы менен сүйлөшүп алып, Казакстандын темир жолу аркылуу «туруктуу газ конденсаты» жана «уайтспирит» чийки зат компоненти түрүндө күйүүчү жана майлоочу материалдарды алып кирип жүргөн.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

27-декабрда УКМК кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы мунай базасынын күйүүчү жана майлоочу материалдарды дүңүнөн сатуу менен алектенген 7 резервуарлар катарында сакталган, 4 миң 262 тонна салык төлөмдөрүнөн качкан мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды.

Ошондой эле, 28-декабрда «Кайынды» станциясынан «Кайынды-темир жол» контролдук-өткөрүү пункт аркылуу күйүүчү жана майлоочу материалдарды контрабандалык түрдө киргизүүгө аракеттенип, «уайтспирт» түрүндө көрсөтүлүп салык төлөмдөрүнөн качкан 120 тонналык 4 цистерна-вагон кармалды.

Учурда жогоруда айтылган кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында, ыкчам-тергөө иш-чаралары, тактап айтканда, келтирилген зыяндарды эсептөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM