Биз менен байланышыңыз

Мекенди сүйүүгө үндөгөн мыкты “Реквием” жазуу боюнча сынак жарыяланды

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 359 | 0

Апрель революциясында курман болгондордун 10 жылдыгына карата кыргыз композиторлорунун арасында “Мыкты Реквием” жазуу боюнча республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынак симфониялык оркестр, хор коллективдеринин, анын ичинде балдар хорунун жана вокалисттердин чыгармачылыгын жаңы репертуар менен толуктоо, атуулдук сезимдерди козгогон, мекенди сүйүүгө, даңктоого үндөгөн, келечек муунду намыска бекемдикке, тарыхты так билүүгө үндөгөн бийик көркөм деңгээлдеги чыгармаларды жаратуу максатын көздөйт.

Тандалган чыгармаларды концерттик программаларда, маалымат каражаттары аркылуу элдин калың катмарына, коомчулукка жеткирип, окуу жайларда талдап, окуп үйрөнүүгө, аткарууга сунушталат.

Актуалдуу темага кайрылуу менен композиторлорду жана акындарды (авторлорду) сейрек жазылуучу жана аткарылуучу реквием жанрында мыкты чыгармаларды жаратууга стимул берүү жана жаңы ысымдарды алып чыгуу милдетин аркалайт.

Сынактын шарттары:

  • Сынакка жиберилген ноталар, тексттер жана жаздыруулар девиз же шифр менен белгиленет. Девиз же шифр жазылган жабык конверттин ичинде чыгарманын аты, авторлордун ысымы, үйүнүн дареги, байланыш телефондору көрсөтүлөт;
  • Сынактын материалдары Композиторлор союзунда (Бишкек ш., Раззаков көчөсү №50) кабыл алынат;
  • Композиторлордун чыгармалары партитура, дирекцион же клавир түрүндө 2020-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат. Ар кандай вариантта жаздырууга мүмкүнчүлүгү барлар аудио жаздыруу кошуп койсо болот;
  • Сынакка коюлган Реквием формасы боюнча классикалык жанрда, мазмуну боюнча кыргыз фольклору (манас кайрыктары, кошок, арман ырлары ж.б.) камтылышы шарт;
  • Мурда жарык көргөн, жарыяланган, аткарылган, сынактарда сыйлыкка ээ болгон чыгармалар катышпайт.

Тандалган чыгармалар Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралардын алкагында колдонулат.
Оркестр жана хордун партияларын көчүргөндүгү үчүн калем акы төлөө иштери жүргүзүлөт.
Иллюстраторго клавирин ойноп берүү үчүн же оркестрде аткарып, угузуу камсыздалат. Реквиемдин сөзүн жазган акынга калем акынын 25% ыйгарылат.

Сынактын байгелери:

  • 1-орун – 100 000 сом (Композиторго — 75 000 сом, акынга — 25 000 сом);
  • 2-орун — 75 000 сом (Композиторго — 52 500 сом, акынга -17 500 сом);
  • 3-орун — 50 000 сом (Композиторго — 37 500 сом, акынга -12 500).

Материалдар төмөндөгү дарекке жиберилүүгө тийиш:

  • 720000, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү үй № 50;
  • Байланыш тел: (0312) 66-43-04, 0773 71 23 15;
  • Эл почта: kompozitory @mail.ru.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM