Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыргыз, тажик, өзбек чек арачылары биргеликте иштөөгө убадалашты

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 455 | 0

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек жана тажик чек арачылары менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Иш чара кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулганын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Кошуна үч өлкөнүн чек ара кызматтары 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарышып, келерки жылдын пландарын бекитишти.

Мындан сырткары чек ара заставалардын башчыларына, тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгын көзөмөлдөө боюнча биргелешкен практикалык окутуулар болгон. Алар ошондой эле, мамлекеттик чек аралардын тактала элек аймактарында биргеликте күзөт жүргүзүү боюнча пландарын тактап алышты.

Үч өлкөнүн аскер кызматкерлери ошондой эле, чек арадагы мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүктү жандандыруу, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу кызматташуу боюнча милдеттенмелерди алышты.

Биздин милдет кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын көзөмөлдөгөн чек ара бөлүктөрүнүн кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. Мындай иш чаралардан улам, аскер кызматкерлери келип чыккан чатактарга ыкчам аракеттерди көрүү механизмин өздөштүрүшөт. Бирдей кызыкчылыкты көздөгөн өз ара аракеттенүүнүн, өз ара маалымат алмашуу иштеринин тартибин аныкташат, — дейт Баткен чек ара отрядынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM