Биз менен байланышыңыз

2020-жылы «Кыргыз консул» мобилдик тиркемеси ишке кирет

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 321 | 0

2020-жылы «Кыргыз консул» мобилдик тиркемеси ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, онлайн режимде иштеген тиркемеге КРдин чет өлкөдөгү бардык дипломатиялык мекемелери бириктирилет. Жарандар телефон аркылуу тийиштүү маалымат, кеңештерди ала алат.

2020-жылы Орусиянын Сургут, Иркутск, Якутя жана Түшүк-Схалин аймагында КР элчилигинин кошумча бөлүмдөрүн ачуу пландалууда.

Учурда Италия менен Францияга да дипломатиялык мекеме ачуу иштери аяктап калды.

«Канада, Антальяга да консулдук ачуу маселеси көтөрүлүп жатат. Анткени КР жарандары ал жерлерге көп барат»-, дейт Имангазиев.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта ТИМдин кызматкерлери вотсапп (0551390 333), вайбер аркылуу жарандардын суроосуна жооп, тийиштүү кеңеш берүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM